Чагылган lyrics

Аяна Касымова

0
0

Share:


Көрүшкөндө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.

Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
“Аппагыңды көрүп алчы” дегенсип,
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.

Жарк дегенде неге сени карадым?
Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың.
Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.

Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичине.
Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кызык кишиге?
Аяна Касымова, Чагылган lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

suiunbek

07 2016

salam kyrgyzstanym

Эрмек Белеков

09 2016

2000

Argen

12 2016

обону менен болгондо сонун болмок

Жыргал Калдаров

14 2016

ообо обону болгондо

зина

19 2016

эн соонун жашоо керемет.

Қонақ

27 2016

сонун

Жаңылка

12 2016

Соонун

орунбай

18 2016

самсунк

baiel.baiel.baiel

20 2016

сонунго

Адина

20 2016

klassno

GM

Added Lyrics

06.09.2016