Аваз Акимов Балалыкка кетеличи, апаке! (0) lyrics

Балалыкка кетеличи, апаке! lyrics

Аваз Акимов

0
0

Share:

lamoda kz

Бала кезде эр жетсем деп тез эле,
Бата тилеп жатчу элем кечинде.
Түйшүгү көп, түгөнбөгөн бул күндөн,
Тажап кеттим эмнегедир, апаке.

Тойго барсаң этегиңе жармашып,
Мен барам деп карындашымдан талашып.
Жер тепкилеп ыйлап жаткан кезиме,
Жетким келет сени менен, апаке.

Ылай болуп күндө келем кечинде,
Мотурайган бала элем, эсимде.
Бакыттын да бактысы экен ал күндөр,
Бала күнгө кетеличи, апаке!

Ошол кезде душмандарым жок эле,
Балаң анда айылдын эң шогу эле.
Шок болсом да, касташканым жок эле,
Ошол күнгө кетеличи, апаке!

Көкүлүмдү тарап коюп кечинде,
Коңшу айылга кызга кеткем, эсимде.
Бакыттын да бактысы экен ал күндөр,
Балалыкка кетеличи, апаке!
Тазанын да тазасы экен ал күндөр,
Таза күнгө кетеличи, апаке!
Аруу күнгө кетеличи, апаке!






Comments

Айжамал

26 2016

мен сени суйом

Элмирбек

09 2017

Кимди

гулнур

02 2017

ушул ыр аябай жакты сонун унунузго береке

GM

Added Lyrics

25.06.2016