Асема Туулган жерди сагынуу (0) lyrics

Туулган жерди сагынуу lyrics

Асема

0
0

Share:

lamoda kz

Уйкуман серпилгенде алыс жактан,
Айылдын ак таңдары эске келет.
Жолунун боз чаңдары көздөн учуп,
Көңүлүм өскөн жерге имерилет.

Чыгыш жак ак шоокумдан көйнөк кийип,
Бетинде жылдыз өчөт бийик көктүн.
Апалар таңда туруп уй сааганда,
Желге ойноп жыты келет жылуу сүттүн.

Туулган жер, кудуретиң сагындырып,
Элесиң көз алдыма мелт-калт этет.
Айылыма өзүм жетпей, оюм жетип,
Yмүтүм закымдарга батып кетет.






Comments

Айка

06 2017

Аябай сонун ырдаган.Уну жарашыктуу

GM

Added Lyrics

26.06.2016