Асель Турдалиева Жаз жамгыры (0) lyrics

Жаз жамгыры lyrics

Асель Турдалиева

0
0

Share:


Жаз жамгыры жаайт экилеп,
Тахти-тахти-тах-тах.
Тереземди улам черткилеп,
Тахти-тахти-тах-тах.
Теребел да жашыл түстүү,
Бүгүн сулуу өзгөдөн.
Толкунданат жаш жүрөгүм,
Сени гана көздөгөн.

[Кайырма]
Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай,
Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай.
Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңдөн,
Ыйлай бердим ушул жазгы булуттардай.

Жамгыр мага күүсүн энчилеп,
Тахти-тахти-тах-тах.
Уксам аны сүйүүм келчилеп
Тахти-тахти-тах-тах.
Сагынычка басынамын,
Дале-дале сыздаймын.
Кайда жүрсөм угаттыр деп,
Жамгыр ырын ырдаймын.

[Кайырма]
Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай,
Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай.
Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңдөн,
Ыйлай бердим ушул жазгы булуттардай.






GM

Added Lyrics

26.06.2016