Асель Турдалиева Кечирип кой (0) lyrics

Кечирип кой lyrics

Асель Турдалиева

0
0

Share:

lamoda kz

Өмүрүмдүн жалгыз арманы,
Өкүнүчтүн жансыз салмагы.
Өзүң деген ыйык тилегим,
Өргө жетпей өксүп калганым.

Чулгап алып мени кусалык,
Сени күткөн түндөр узарып.
Өмүр токтоп ошол ирмемдер,
Отургансыйм жылбай тушалып.

[Кайырма]
Кечирип кой, жаным, эрмегим,
Кымбатымсың, кыйбасым менин.
Түбөлүктүү сенин энчиңе,
Тун сүйүүмдү арнап бергенмин.

Салаалаган ысык жаш тамып,
Самабадым неге башканы?
Жазда кирген албуут дайрадай,
Сагынычымдын ашып-ташканы.

[Кайырма]
Кечирип кой, жаным, эрмегим,
Кымбатымсың, кыйбасым менин.
Түбөлүктүү сенин энчиңе,
Тун сүйүүмдү арнап бергенмин.






GM

Added Lyrics

26.06.2016