Чын эле мен сени таптымбы? lyrics

Асель Касымова

0
0

Share:


Кыялда кылымдап издегем,
Түйшүктүү түбү жок из менен.
Капыстан жолуктук, сырдаштык,
Жолубуз кайчы эмес, түз беле?

[Кайырма]
Сен дагы мени издеп шаштыңбы?
Түбү жок санаага баттыңбы?
Шам болуп жагылчы, жыргалым,
Чын эле мен сени таптымбы?

Сүйлөсөң сүйүнө караймын,
Салаалап чачымды тараймын.
Күлмүңдөп көздөрүң от чачса,
Кайра эле күлкүңдү самаймын.

[Кайырма]

Асель Касымова, Чын эле мен сени таптымбы? lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

26.06.2016