Тартынчаак lyrics

Асель Кадырбекова

2015

0
0

Share:


Көздөрүңдү менден ала качпачы,
Тартынчаактык кыялыңды таштачы.
Бирок жаным сезип турам көзүңдөн,
Сүйөөрүңдү айтчы мага, катпачы.

Кайырма:
Бирок менин айтканыма таарынба,
Сүйүүңдөн адашпагын, жаңылба.
Арнадым сага ырымды,
Сырыңды айтчы, сырыңды.

Кыялыңда эмнелерди ойлойсуң?
Же оюңду ачык айтып койбойсуң.
Чечкиндүүлүк жигиттерге жарашат,
Тартынасың, уяласың койбойсуң.

Кайырма.
Асель Кадырбекова, Тартынчаак lyrics, 2015
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

11.02.2016