Арзыбек Бедияров Түшүмө кирдиң түндө сен (0) lyrics

Түшүмө кирдиң түндө сен lyrics

Арзыбек Бедияров

0
0

Share:


Жыпар жыт каптап,
Дүйнөнү жибек жел эзген.
Жүрөгүм чакмак,
Жүлүндөн бери "дүрт" эткен.
Сел болуп каптап,
Нур болуп аппак,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Түшүмө кирдиң түндө сен.

Ак кайың бүрдөп,
Ажайып аалам тиктесем.
Толкуну түрмөк,
Айдың көл мына издесем.
Токтолбо жүр деп,
Толкунга мин деп,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Түшүмө кирдиң түндө сен.

Ак куулар учуп,
Канатын күүлөп бийиктен.
Көңүлдү буруп,
Кайберен жүргөн бийик бел.
Көл болуп чалкып,
Жыт болуп аңкып,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Түшүмө кирдиң түндө сен.






Comments

Бүбүсара

10 2017

музыкасы жок го.

baktygul I

Corrected text

25.05.2019
Users