Сен менин жазылбаган ырларымсың lyrics

Анарбек Ибраев

0
0

Share:


Сен менин жазылбаган ырларымсың,
Сен менин айтылбаган сырларымсың.
Туйлатып жүрөгүмдү алоолонткон,
Сен менин жаштык жалын жыргалымсың.

Сен менин ак кептерим канат каккан,
Сен менин мөл булагым мөлтүр аккан.
Эң назик эрке сезим кылдарындай,
Сен менин жыргалымсың нурун чачкан.

Сен менин көк деңизим чалкып жаткан,
Үстүндө ак куу ойноп, чардак учкан.
Ыраазымын миң мертебе тагдырыма,
Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан.
Анарбек Ибраев, Сен менин жазылбаган ырларымсың lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

Клара

09 2016

Норма

jenish

10 2016

jeni

рустам

17 2016

oбону менее

Эсенбай

19 2016

мага аябай жакты

volk

27 2016

hh

Қонақ

28 2016

эн сонун

Жакшы екен мага жакты

16 March 2017

Жакшы мага жакты ен сонун

алина

31 March 2017

en sonun

GM

Added Lyrics

25.09.2016