Анапия Райымбекова Таптым сени (0) lyrics

Таптым сени lyrics

Анапия Райымбекова

0
0

Share:


Таптым сени, таң жаркырап аткандай,
Жакшы китеп кызыгына баткандай.
Таптым сени, даабай турам кечкенге,
Толкун, дайра бет алдымдан аккандай.

Таптым сени, бийик ашуу ашкандай,
Таптым сени, жаңы дүйнө ачкандай.
Таптым сени, адамдыктын жолунан,
Өмүр бою жазып бүтпөс дастандай.

Таптым сени, тирүүлүккө ырахмат,
Таптым сени, суз көңүлүм болду шат.
Сенин мээрим көздөрүңдүн алдында,
Жашоо - бакыт, жашоо кандай ырахат!






GM

Added Lyrics

25.06.2016