Кызгануу lyrics

Анапия Райымбекова

2015

0
0

Share:


Үмүтүм сени көздөй жетеленди,
Башканы сүйөөрүңдү билсем дагы.
Сагыныч кол алдыңда эркеледи,
Алданып жүргөнүмдү билсем дагы.

Сагыныч бүт эркимди билип алды,
Тирүүлүк жумушумду жасаттырбай.
Кызганыч кыялымды уялады,
Өзүңө сулууларды жанаштырбай.

Берилип бир өзүңдү сүйүп жүрөм,
Бей күнөө жүрөгүмдү сага арнап.
Берилчи мага дагы арнооң барбы,
Сүйүнтчү жүрөгүмдү мага карап.

Алдымдан сулуу тороп чыкпаса экен,
Азгырып сага колун сунбаса экен.
Учуруп бутагыңдан сулууларды,
Өзүңдүн сулууң болуп калсам экен.
Анапия Райымбекова, Кызгануу lyrics, 2015
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

11.02.2016