Биз ашканда ойноп тоонун кырларын.
Өргөн чачым сылагансың кармалап,
Ошол кезим сагынарым, эң аярым, жыргалым.
Бирге ойноп, жаттап жаштык ырларын,
Сезбептирмин анда көңүл жыргалын.
Эртели-кеч элестетип өзүңдү
Көргүм келип көксөйм эми, көксөйм эми, жыргалым.
Кызда кыйла сүйүү эрте жаралат,
Сыр ачууга кылбайт алар далалат.
Асыл курбум, айтылбай сөз калса да,
Кезек-кезек эстейм сени, жүрсө экен деп саламат.
Анапия Райымбекова, Эң аярым lyrics, 0 Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store