Жүрөктү жүрөк тандасын lyrics

Алтынбек Сапаралиев

0
0

Share:


Кайгыны ойго илбейли,
Карылык эмне билбейли.
Канакей, жаштар, эмесе, ай,
Калкылдап эркин бийлейли.

[Кайырма]
Кылчактап улам күймөнүп,
Кызарба, курбум, сүрдөнүп.
Кел, кошул, биздин катарга,
Кетесиң кийин үйрөнүп.

Күүлөрүн төгүп жиберип,
Музыка алат имерип.
Коомайлап белден кармаса,
Колдору болот билерик.

[Кайырма]
Жүрөктү жүрөк тандасын,
Сүйгөнүн сүйгөн жандасын.
Байкалбай кай бир уяңдар,
Бийлебей четте калбасын.

Бир-бирин сүйкүм карашып,
Буттарга буттар жанашып.
Кыз-жигит бирге бийлесе,
Карачы кандай жарашып.

[Кайырма]
Жаштыктын ыры - махабат,
Жаштарга нурун таратат.
Жаш кезде ойноп, гүлдөгүн,
Жаштык кез өтүп баратат.

Алтынбек Сапаралиев, Жүрөктү жүрөк тандасын lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

25.06.2016