Ысык-Көл, күбө бол lyrics

Алтынбек Сапаралиев

0
0

Share:


Сулуунун сулуусусуң, Ысык-Көлүм,
Улуунун улуусусуң, ыйык көлүм.
Кыйланы суктандырып, таң калтырган,
Кыргыздын берметисиң,
Жалгыз өзүң Ысык-Көлүм.

Шарпылдап толкундарың бетке уруп,
Шашылат көбүктөрүң кумда уюп.
Шаштысы кетип жатты сенин жээгиң,
Шарпылдап бир булганып, кайра тунуп.

Жарашат ак чардагың, ак кууларың,
Жээгинде, тоо үстүндө ак карларың.
Жарашкан кыз-жигиттер сени бойлоп,
Жакаңда шынаарлашып жаш балдарың,
Келемин, Ысык-Көлүм, кайра сага.

Алтынбек Сапаралиев, Ысык-Көл, күбө бол lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

25.06.2016