Тоо гүлү lyrics

Алтынбек Сапаралиев

0
0

Share:


Тоо гүлүндөй жайнайсың,
Толуп турган айдайсың.
Алтын көкүл сулуу кыз,
Көңүлүмдү байлайсың.

Эй, тоо гүлү,
Ой, тоо гүлү.

Куса, ойго батамын,
Жүрөк сырын катамын.
Минип келип аргымак, селки,
Алып сени качамын.

Гүлгүн жаштык гүлдөйсүң,
Күлүп турган күндөйсүң.
Жүрөк сен үчүн, бийкеч,
Арналганын билбейсиң.

Алтынбек Сапаралиев, Тоо гүлү lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

25.06.2016