Ыйладың неге? lyrics

Алтынбек Борошов

0
0

Share:


Санаанын жүгүн артынып,
Сагынып келдим шашылып.
Бут тоскон адамдарга,
Ишенбей жалгандарга,
Жолуктук элден жашынып.

Сүйдүм го бала кезимден,
Ал күндөр кетпейт эсимден.
Көзүмдөн аккан жашым,
Ысытып, карындашым,
Акты го менин бетимден.

[Кайырма]
Махабат кандай улуулук,
Маңдайга жазган сулуулук.
Бар беле жашырганың,
Ыйладың неге, жаным?
Өксүдүң айтпай буулугуп,
Ыйладың неге буулугуп?

Жүрөктү жалган кыйнады,
Сезимим сени кыйбады.
Көзүңдү карап турдум,
Өзүңдү аяп турдум,
Түн дагы сен деп ыйлады,
Коюу түн кошо ыйлады.

Жаныңда дайым болоюн,
Бакытка салып ороюн.
Көтөрүп көңүлүңдү,
Көп тилеп өмүрүңдү,
Сүйүүңө сенин толоюн.

[Кайырма]

Алтынбек Борошов, Ыйладың неге? lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

нурила

11 2016

иштебейтко

кулмаматов

12 2016

салам

нурбек

12 2016

идеял

бек

14 2016

aaaaaaa

лəззат

19 2016

Өте жақсы əндер

Айка

23 2016

супер

гулнара

30 2017

сонун экен

самара

11 March 2017

мен издеген ырлардын текстти жокко

Жанарбее

28 March 2017

менин эн жакшы коргон ырларымдын катарында турат. базар жок.

Доолот

22 2017

эн жакшы ыр

GM

Added Lyrics

25.09.2016