Тилегим lyrics

Алтынбек Борошов

0
0

Share:


Арзуум, үмүт, тилегим,
Бактылуу күнгө жетейин.
Чарчап бир келсем жумуштан,
Бактылуу күнгө жетейин.
Чарчап бир келсем жумуштан,
Аталап тосор жолумдан,
Уул балам болсо деп тилейм,
Кыз балам болсо деп тилейм.
Чарчап бир келсем жумуштан,
Жылмайып тосор жолумдан
Ак жоолук салып буралган,
Жубайым болсо деп тилейм.

[Кайырма]
Тилегим, ай, тилегим, ай,
Тилегим, ай, тилегим, ай,
Алла Таала берсе дейм,
Жаратканым берсе дейм.

Таянар тоом, жөлөгүм,
Тарбия берген тирегим.
Асылым ыйык ата-энем,
Бактыма эсен болсо дейм.
Небере жытын жыттаган,
Чоң ата-эне болсо дейм.
Асылым ыйык ата-энем,
Бактыма эсен болсо дейм.
Чебере жытын жыттаган,
Чоң ата-эне болсо дейм.

[Кайырма]

Жүрөктө жашайт дем берип,
Мен өскөн улуу Ата Журт.
Кашыктай каным калгыча,
Өмүрүм баарын арнайын,
Кең пейил кыргыз калкыма,
Кымбатым Ата Журтума.

[Кайырма]
Алтынбек Борошов, Тилегим lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

рустам

17 2016

салам

GM

Added Lyrics

25.09.2016