Баткендик кыз lyrics

Алтынбек Борошов

0
0

Share:


Өрүк терип кетели,
Данек чагып жешели.

Кимдер билет, ким билбейт,
Көбү билет, көп билбейт.
Сырдуу Баткен жеринде,
Бир сулуу кыз бар дешет.
Аны издеп келдим мен,
Айгүл тоо боорунан.
Аны күтүп келдим мен,
Өрүк гүлзар багынан.

Көз тийбесин чырайыңа,
Тамшанамын деп дайыма.
Кагылайын карындашым,
Баткендик кыз, карындашым.
Аппак сүйүүм, тунук сүйүүм.
Алгач сүйүүм сага гана.

Өрүк терип кетели,
Данек чагып жешели.
Макул дечи, карындаш,
Колуң сунчу, карындаш.
Жалал-Абадга кетели.

Алып сени кетейин
Жалал-Абад жерине.
Кең пейилдүү мен өскөн,
Сырдуу Чаткал элине.
Макул дечи, карындаш,
Шар аккан суу бойлойлу.
Жалын жаштык өмүрдүн,
Шаттыгында ойнойлу.

Көз артамын аста-аста,
Баскандарың майда-майда.
Баткендик кыз, карындашым,
Ананайын карындашым.
Аппак сүйүүм, тунук сүйүүм.
Алгач сүйүүм сага гана.

Өрүк терип кетели,
Данек чагып жешели.
Макул дечи, карындаш,
Колуң сунчу, карындаш.
Жалал-Абадга кетели.

Ат жалында чоңойгом,
Күлүк таптап чоңойгом.
Кең пейилдүү мен өскөн,
Чаткал төргө кетели.
Жалал-Абадга кетели.
Алтынбек Борошов, Баткендик кыз lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

Айбек

14 2016

5

муксина

23 2016

жакшы

GM

Added Lyrics

25.09.2016