Балама lyrics

Алтынбек Борошов

0
0

Share:


Сагындым "атоо" деген сөзүңдү,
Эзилемин ойлой берип өзүңдү.
Жүрсөң керек ата жытын унута албай,
Жолду карап күткөнүңдө,
Каректериң талыганда ыйлай-ыйлай.
Бул күндөр да өтүп кетер, эсен жүрчү, уулум, ай,
Аман жүрчү, балам, ай,
Эзилемин, эзип ийдиң, балам, ай.

Мени сенден, сени менден айрыган,
Тагдырдын таш боордугун жеңбедик.
Жашооң атасыз күн, арман буюрган,
Апакеңдин мерездигин,
Жеңил ойлуу сезимдерин, аттиң, кантейин?
Бул күндөр да өтүп кетер, эсен жүрчү, уулум, ай,
Аман жүрчү, балам, ай,
Сагынычтан эзилемин, эзип ийдиң, балам, ай.

Эр жеткенде калыстап сен түшүнөрсүң,
Туям, балам, тагдырыңа өкүнгөнүң.
Баладай бажырайып ойной албай,
Бактылууну көргөнүңдө,
Аталууну көргөнүңдө өксүгөнүң.
Бул күндөр да өтүп кетер, эсен жүрчү, уулум, ай,
Аман жүрчү, балам, ай,
Эзилемин, эзип ийдиң, балам, ай.

Алтынбек Борошов, Балама lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

25.09.2016