Алтынай Нарбаева Жүрөктө калды элесиң (0) lyrics

Жүрөктө калды элесиң lyrics

Алтынай Нарбаева

0
0

Share:


Бул турмуш дарак тура мөмөлөгөн,
Мөмөсүн эсиргендер тебелеген.
Мен сени жандап жүргөм жашыл жолдо,
"Бөлүнбөй кете берет" деген элем.

Бул турмуш деңиз тура кемибеген,
Жакшылык-жамандыгын ченебеген.
Тымызын кош айтышып жаткан кезде,
"Мен сени унутам го" деген элем.

Көрсө, сен катар басып койбоптурсуң,
Бүтүндөй өмүрүңдү ойноптурсуң.
Жүрөктө балалыгым кандай калса,
Сен дагы дал ошондой орноптурсуң.
Жүрөктө дал ошондой,
Сезимде дал ошондой,
Жүрөктө дал ошондой орноптурсуң.






GM

Added Lyrics

25.06.2016