Алтынай Нарбаева Сагынарым (0) lyrics

Сагынарым lyrics

Алтынай Нарбаева

0
0

Share:


Күтпөчү сагынарым, сагынарым,
Саргарып калар бекер ак ыраңың.
Жайнаган элик көзүң сумсайбасын,
Жароокер мен өзүңдү сагынамын.

Келип кал дүйнө-жүзүн жарык кылып,
Шоолаңды, нуруңду эч аябастан.
Өзүңсүз мен кеттим муздай сынып,
Өзүңсүз жылдызы жок, бүркөк асман.

Маанилүү сен бар үчүн жарыкчылык,
Маанилүү ырдоо жана күтүү жетпей
Тагдырым берет жыргал зарыктырып,
Жашаймын махабаттан үмүт үзбөй.






GM

Added Lyrics

25.06.2016