Мен сени сүйөм, өмүр lyrics

Алтынай Нарбаева, Мирбек Атабеков

0
0

Share:


Өмүр, багытым таппай издеп күйүп-жансам да,
Өмүр, тагдырда жан үрөп мен өңдөн азсам да.
Өмүр, бакытты азап жандап түйшүк тартсам да.
Мен сени сүйөм, өмүр,
Мен сени сүйөм, өмүр...

[Кайырма]
Алдымдан азгырып чакырдың, ай,
Алдың го жаштыктын жазын далай.
Антсең да сыйлоого акым бар, ай,
Мен сени сүйөм, өмүр...
Берерин билбеймин али эртеңдин,
Тирүүлүк билигин араң тердим
Тар жолдо миң аксап, жүз күйсөм да,
Мен сени сүйөм, өмүр...

Өмүр, жетерде бийиктикке кулап калсам да,
Өмүр, өйдөлөп кайра турар кубат алсам да.
Өмүр, алдыңа далай сынып ыйлап барсам да,
Мен сени сүйөм, өмүр,
Мен сени сүйөм, өмүр...

[Кайырма]

Өмүр, күз болуп салдың мени сагынычтарга,
Өмүр, учурдуң кээде ак кар бурганактарга.
Өмүр, көктөмдөй сага бирок али куштармын.
Мен сени сүйөм, өмүр,
Мен сени сүйөм, өмүр...

[Кайырма]
Алтынай Нарбаева, Мирбек Атабеков, Мен сени сүйөм, өмүр lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Admin

Added Lyrics

29.03.2018