Алтынай Нарбаева Махабатты урматтап (0) lyrics

Махабатты урматтап lyrics

Алтынай Нарбаева

0
0

Share:


Билбедим булбул болуп таңшыдымбы,
Бир гана сага арнагам таңкы ырымды.
Мен анан күйүт күүсүн чалып калдым,
Мээнитпей дил арзыган таңсыгымды.

Ойлогом тартууласам жан сырымды,
Ойготор махабатын жарчымынбы?
Оюнга чалганымда арзуу-зарым,
От тамбай, билдим анан алсызымды.

Табышмак, турмуш жолу туруктуубу?
Табышмак, жетмек беле туруктуулук?
Өкүнтүп элесиңди өчпөс кылган,
Өтмөкмүн махабатка кулдук уруп.






GM

Added Lyrics

25.06.2016