Алтынай Нарбаева Апакем (0) lyrics

Апакем lyrics

Алтынай Нарбаева

0
0

Share:


Мен улутунам, "апа" деген сөз уксам,
Себеби мен андай сөздү унуткам.
Жер кучактап ыйлап жатып ойлоймун,
Же айтсачы кетер күнүн, аттиң, ай, мурунтан.

Таш боор белең, жаратылыш, ушунча?
Эне кетти кош айта албай уулуна.
Ар убакта эңсейм, апа, өзүңдү,
Жүрөк сыздайт сылык сөздүн, аттиң, ай, уусуна.

Небереңдин тили чыккан чулдурап,
"Чоң энемди таап бер" дейт ургулап.
Каңырыгым түтөп кетет ошондо,
Жүрөгүмдү жаткан өңдүү, аттиң, ай, ургулап.

Апакем, апакем,
Ыйлап, ыйлап жоктоймун,
Апакем...






Comments

омуркан

08 2016

эн сонун текст мага аябай жагат бул создорду окуп жана уканымда оз апамды сагынып ыйлап бугумду чыгарып алам. апакемди оз бейишине кабыл кылсын аллахым

GM

Added Lyrics

25.06.2016