Акбар Сүйүнбаев Сени тандадым (2015) lyrics

Сени тандадым lyrics

Акбар Сүйүнбаев

2015

0
0

Share:


Телегейим бүгүн тегиз кези,
Теңирим мага сүйүү берди.
Теребел дагы сүйүп сени,
Термелди...
Бүчүрүн байлап, бүрдөп багым,
Бүгүн жаш баары, бүгүн жаңы.
Бүт дүйнө жүзү гүлдөп жазга,
Жазга айланды...

Кайырма:
Жан биргем аярым,
Жароокер ардайым.
Бул жашоодо жалгыз,
Сени тандадым.
Карегиң жанганын,
Кароодон канбадым.
Тагдырлашым сени,
Бир сени тандадым

Ак жүзүң түсүндөй булуттун,
Аруусуң, тазасың, тунуксуң.
Сен менен капалыкты дагы унуттум...
Бактымдын гүл болуп ашканы,
Бар жашоо бал татый баштады.
Суранам сенден сүйөм дебе.
менден башканы...

Кайырма.






GM

Added Lyrics

11.02.2016