Lyrics
Мектебим мен окуткан эжейлерим агайларым,
Мектебим тарбиялап чоңойттуң го мени дайым.
Баш ийип таазим кылам биздейди адам кылган,
Мектебим сени унутпай өмүр бою сени сыйлайм.
Кайырма:
Классташ кыздар балдар,
Кайдадыр алыстарга учасыңар.
Классташ кыздар балдар,
Куш болду кечээки эле балапандар.
Классташ кыздар балдар,
Унутпа уяңарды учкан куштар.
Классташ кыздар балдар,
Каалаймын ачылса экен ак жолуңар.
Дос болуп он жыл бою бир класста бирге окудук,
Дос болуп бала кезден кубалашып биз ойнодук.
Коңгуроо шыңгырады, убакыт зымырады,
Эй достор өттү күндөр балалык кез артта калды.
Кайырма:
Классташ кыздар балдар,
Кайдадыр алыстарга учасыңар.
Классташ кыздар балдар,
Куш болду кечээки эле балапандар.
Классташ кыздар балдар,
Унутпа уяңарды учкан куштар.
Классташ кыздар балдар,
Каалаймын ачылса экен ак жолуңар.
Другие песни Айпери Кубик кызы:
Текст песни Айпери Кубик кызы "Ариет"
Текст песни Айпери Кубик кызы "Балама"
Текст песни Айпери Кубик кызы "Аялзат"
Текст песни Айпери Кубик кызы "Сезим"
Скачивайте наши приложения на плеймеркетах App Store и Казакша андер 2022 скачать (Google Play).
Соонун ыр ээ
ооба чындыгында жакшы ыр жагат мага