Айнура Салахидинова ft. Руслан Нарынбаев Жаңы жыл lyrics

Share:


Lyrics



Жаңы, жаңы, Жаңы жыл,
Кирип келди кайрадан.
Жаңы жылдан жакшылык,
Күтөт элдер сандаган.

Тынчтык, сүйүү, бейкуттук,
Чын ден соолук кааларым.
Ыр-күлкүгө чуулганып,
Шаңга толсун айланам.

Кайырма:
Көңүлдөргө дайыма,
Күлкүлөр толуп, шаң болсун.
Адамзаттын жан дүйнөсү,
Жааган кардай ак болсун.
Эски жылды узатып,
Жаңы жылды биз тосолу.
Ар бир үйгө кут кирип
Ден соолукта бололу.

Сааттын жылып жебесин,
Он экиге кактырат.
Шаңга толуп көчөлөр,
Шампан көккө атылат.

Ар бир үйгө Жаңы жыл,
Кирип келет жаркырап.
Жаңы жылда жакшылык,
Каалоо-тилек айтылат.

Кайырма.



Скачивайте наши приложения на плеймеркетах App Store и Казакша андер 2022 скачать (Google Play).




Added

26.02.2016
Music Videos
Айнура Салахидинова ft. Руслан Нарынбаев
Жаңы жыл


shinline.kz / Создание сайтов - https://ima.kz