Асыл ардагым lyrics

Айнура Салахидинова

0
0

Share:


Кайда жүрсө карааның, кайдан сени табам?
Чындыгында, өзүмдү бактысыз деп санаймын.
Жүрөктүн каны жанымды кыйнайт,
Кайда кеттиң сен?
Кайда жүрдүң сен, сен, сен,
Асыл ардагым, менин ардагым?

Мен отурам жаныңда көз жашымды тыя албай,
Махабаттын отуна күйүп-жанып чыдабай.
Жүрөктүн каны жанымды кыйнайт,
Кайда кеттиң сен?
Кайда жүрдүң сен, сен, сен,
Асыл арманым, менин арманым?

Уктай албай түнкүсүн сарсанаага батамын,
Сенсиз таңды атырам тартып сүйүү азабын.
Жүрөктүн каны жанымды кыйнайт,
Кайда кеттиң сен?
Кайда жүрдүң сен, сен, сен,
Асыл ардагым, менин алтыным?
Айнура Салахидинова, Асыл ардагым lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

25.06.2016