Ак сүйүүнү сыйлайлы lyrics

Айнура Салахидинова

0
0

Share:


Кандай жакшы ак сүйүүнүн бардыгы,
Кара түндү жарган сымал таң нуру.
Майрам күндөй маанайың шат жүрөрсүң,
Махабаттын толуп турса сандыгы.

[Кайырма]
Келгиле, ак сүйүүнү аздектейли, сыйлайлы,
Махабаттын аруу ырын ырдайлы.
Бул өмүрдө болбосун деп муң-кайгы,
Шаңданалы ырдап, күлүп жыргайлы.

Жан дүйнөңдү аруу сезим уялап,
Жаман ойду жардан алыс кубалап.
Ак тилегин арнап турса жакының,
Арзуу гүлү көркүн ачып буралат.

[Кайырма]
Айнура Салахидинова, Ак сүйүүнү сыйлайлы lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

25.06.2016