Эсен менен Бегимайдын ыры lyrics

Адилет Азимов, НурЧолпон

0
0

Share:


Ыза бар, чөптө да, тепселип өсүп жаткан,
Күч да бар, ал чөптө, күрөшүп таш жарган.
Мөлтүлдөп каректеги сезимиӊе сапарлаш,
Үмүт бар, күлүктө бурбай алыс чапкан.

Күлүгүӊ бүгүн чаӊ жутту көөнү өспөй,
Жалган үмүтүм чүкө кылып мени өкчөй.
Жеӊилип баратканда сүйүүм жерден алып,
Жетелеп турат сөзүӊ сени көздөй.

Махабат тапкан тагдырды бакыт десем,
Колго карматпай жетсем деймин жүрөк канап.
Жылдыздай асманымда сүйүүм бийик жанып,
Кыялым сага жетип сермейт күүлөп канат.

Адилет Азимов, НурЧолпон, Эсен менен Бегимайдын ыры lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Admin

Added Lyrics

28.04.2018