Билбей калдым... lyrics

Абдыманап Төрөбеков

0
0

Share:


Ошол күнү кош айтыштык унчукпай.
Алыстадың караныңды көрсөтпөй.
Толуп-ташып кала бердим ага албай,
Из калтырып соолуп калган өзөндөй

Көрбөй калсам сагынам деп жазганың
Жалган беле сүйөм деген каттарың
Гүл өмүрдү ойрон кылып кеттиңго
Көлгө айланды көздөн аккан жаштарым

Өмүрүмдүн сенсиз аккан дайрасы,
Элестетет соолуп калган булакты.
Ойлобопмун муң зар менен күтөм деп,
Эстен кетпес жаштык-жалын куракты.

Жан дүйнөмдү козгоп жүргөн сөздөрүң,
Билбептирмин баары жалган экенин.
Кайгы муңду тартуу кылып өзүмө,
Билбей калдым кимди ээрчип кеткениң Комментарийлер (0)
Абдыманап Төрөбеков, Билбей калдым... lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

25.06.2016