Мендеги ыйык махабат songtext

Венера Назаралиева

0
0

Teilen:


Сүйүүм турат жердин кени тургандай,
Мойнумдагы ыйык аяр тумардай.
Көкүрөктө сыймык толо караймын,
Көп кыйналып жакшы бир үй кургандай.

Сүйүүм агат мелмилдеген суулардай.
Айбаттанат көлдө сүзгөн куулардай.
Таптым сайрап, элжиретет сезимди,
Таң алдында үн алышкан улардай.

Сүйүүм турат жай күнүндөй толукшуп,
Булбул сайрап, бутак сайын конушуп.
Көзүмдөн курч, көкүрөктөн ал кетер,
Унутпасмын кандай күндү жолуктук.

Бул дүйнөдө ачкан менин үнүмдү,
Жарык кылган көөдөндөгү сүйүүмдү.
Сенин гана аман жүргөн карааның,
Мен сен үчүн даңктап ырдайм сүйүүмдү.

Венера Назаралиева, Мендеги ыйык махабат songtext, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Liedtext sind hinzugefügt

25.06.2016