Жүрөгүмдө сүйүү боздойт songtext

Түмөнбай Колдошов

0
0

Teilen:


Ошол кеч эсте калды күзүңдөгү,
Көргөндөн үмүтүм эч үзүлбөдү.
Жүрөктү жүзгө бөлүп кетти окшойт,
Жылдыздай уячалар жүзүңдөгү.

[Кайырма]
Сен мага ушунчалык жагасың да,
Көктөгү жылдыздардай жанасың да
Экөөбүз бир болбойбуз аттиң дүйнө,
Жүрөктө арман болуп каласың да.

Жүргөндө жадап турмуш бардыгынан,
Таберик болдуң окшойт тагдырымдан.
Ээрчишип аалам кезип кетким келди,
Аргасыз калдым жердин тардыгынан.

Маңдайга ушундайды жазган окшойт,
Көздөрүң күлүп турса сезим козгойт.
Экөөбүз баратабыз эки жолдо,
А менин жүрөгүмдө сүйүү боздойт.

Түмөнбай Колдошов, Жүрөгүмдө сүйүү боздойт songtext, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Liedtext sind hinzugefügt

03.07.2016