Узун жолдор songtext

Түмөнбай Колдошов

0
0

Teilen:


Узун жолдор, тоолордун бетиндеги,
Уңгу кептин эртеңи сезилбеди.
Уйпаланган уйкусуз түндө калган,
Убадасыз бир маек эсиңдеби?

Менде жашайт маектин кесим деми,
Мемиреген тынчтык ай кечиндеги.
Мелмил кылган мезгилдин кадыр түнүн,
Мейиз даамдуу эриндер эсиңдеби?

Сапарлаштар санынан өзгөрүлө,
Санаа тартып, сааттардын өткөнүнө.
Сен өзүңдү бактылуу сезген күндөн,
Сүрөт тартып алыпмын көздөрүмө.


Түмөнбай Колдошов, Узун жолдор songtext, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Liedtext sind hinzugefügt

03.07.2016