Тоолор, мени кучактагыла songtext

Түмөнбай Колдошов

0
0

Teilen:


Кеткем жолдун узак жагына,
Келдим... көпкө узатпагыла...
Жыгытканы турат бир ыза,
Тоолор, мени кучактагыла!

Карегиме конгон элеси,
Караан турат, мага ким өзү?
Тозуп кеттим көңүл чөккөндөн,
Тоолор, мени жөлөгүлөчү!

Жакшым деген бирөө эмине,
Жабыркатты жалган кебине.
Силер гана өзгөрбөйсүңөр,
Тоолор, мени сүйөм дегиле!

Торгой болуп сайрап сагына,
Кайыл болуп келдим баарына.
Төрүңөргө чыктым бой таштап,
Тоолор, мени кучактагыла!

Түмөнбай Колдошов, Тоолор, мени кучактагыла songtext, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Liedtext sind hinzugefügt

03.07.2016