Мен түшүңө кирсем экен songtext

Түмөнбай Колдошов

0
0

Teilen:


Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү,
Түшүңө ушул түнү кирсем экен.
Качанкы кайрылбаган жаштыгыңдын,
Бир үзүм жалынына күйсөм экен.

Ар түндө издей берип тааныш үндү,
Шарпылдак толкундарды сапырарсың.
Көздөрүң толуп кетип кусалыкка,
Обонун улуу жаздын чакырарсың.

Аны сен изде ташып, кайра толуп,
Шатырап кызыл кечте жамгыр болуп.
Издегин жүрөктөгү арзуу болуп,
Жазында таңды тосчу жаңы ыр болуп.

Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү,
Түшүңө ушул түнү кирсем экен.
Эсиңе түшө калган жаштыгыңдын,
Бир үзүм жалынына күйсөм экен,
Чын эле мен түшүңө кирсем экен...

Түмөнбай Колдошов, Мен түшүңө кирсем экен songtext, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Liedtext sind hinzugefügt

03.07.2016