Күн батканын койсочу songtext

Түмөнбай Колдошов

0
0

Teilen:


Санап, санап эсептесем өмүрдү,
Өткөн өмүр балдан ширин көрүндү.
Жел жетпеген желмаяндай мал минип,
Жетип кууп жеңер белем өлүмдү!

[Кайырма]
Күүгүм кирип, күн батканын койсочу,
Саат жылып баратканын койсочу.
Оюн, күлкү салтанатка жарашкан,
Өмүр шагы бүрүн какпас болсочу.

Ойло, жигит, өмүр соккон шамалбы,
Аткан октой көрсөтпөгөн караанды.
Он сегизден өтпөс кылып өмүрдү,
Өнөр, чиркин, табар белең амалды.
Түмөнбай Колдошов, Күн батканын койсочу songtext, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Liedtext sind hinzugefügt

03.07.2016