Алча гүлү songtext

Самара Каримова

2015

0
0

Teilen:


Аппапак бадырак алча гүлү
Ачыпсын ажарын жаздын бүгүн
Аңкыган жытына мас болуп мен
Ансайын жыттаймын сенин гүлүң
Аппапак гүлүнө ашыгып мен
Суктана караймын сага гүлүм


Арылаар ызылдап учуп конуп
Бадырак гүлүмдүн балып соруп
Балкытып сүйүүгө мас кылыпсың
Булбулдар сайрашат үнүн созуп
Балкыган сүйүүгө мас болушуп
Түркүн куш чагында учат конуп

Асманда айдагы нурун төгүп
Ашыгат аппапак гүлүнөбү
Атыр жел аймалап ак гүлүнөн
Аңкыйт го айлана жытың болуп
Мелүүн жел термелтип ак гүлүнөн
Буруксуйт алчы жыт ак гүлүнөн

Бах чиркин баягы алча багы
Балкытчы сүйүүгө кайра дагы
Бал татым балалык сүйүүлөр ай
Бактылуу жаштыгым күндөрүм ай
Бал татым балалык сүйүүлөр ай


Бактылуу жаштыгым күндөрүм ай
Бах чиркин баягы алча багы
Ырдалып бүтпөгөн алчы багым
Самара Каримова, Алча гүлү songtext, 2015
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Kommentare

Самара Кадырбекова

21 März 2017

ну красота

GM

Liedtext sind hinzugefügt

15.02.2016