Мен сүйгөн менен пайда жок songtext

Руслан Нарынбаев

2016

0
0

Teilen:


Мен сүйгөн менен пайда жок,
Кантейин, жаным, айлам жок.
Өзүң деп соксо жүрөгүм,
Өкүнгөн менен аргам жок.

Кайырма:
Балбылдап көздөрүң кара-кара,
Айта албай сүйүүмдү сага гана.
Айтайын, башканын кереги жок,
Жылмайып жылуулук берчи мага.

Сүйдүрдүң мени, сүйүктүүм,
Үзө албай сенден үмүтүм.
Өзүң деп өтсөм өмүрдөн,
Арманым айтчы, ким үчүн?

Кайырма:

Чалкыган көлүӊ керемет,
Жаады эле жамгыр себелеп,
Арзыган сага жүрөктү,
Кетпечи, жаным, тебелеп.

Кайырма.
Руслан Нарынбаев, Мен сүйгөн менен пайда жок songtext, 2016
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Liedtext sind hinzugefügt

25.02.2016
Musikvideos
Руслан Нарынбаев
Мен сүйгөн менен пайда жок