Көңүлүмдө сенин гана элесиң.
Кыйнабачы жүрөгүмдү куйкалап,
Ансыз деле сүйөрүмдү билесиң.
[Кайырма]
Айжаным оо, Айжаным,
Айдай сүйкүм ажарың.
Ак сүйүүмдү бир өзүңө арнадым.
Ырдап жатсам ырларымдын сабында,
Сенин күлкүң, сенин сүйкүм жамалың.
Сүйүп калып элесиңе мас болуп,
Кыялдардын арасында каламын.
[Кайырма]
Айжаным оо, Айжаным,
Махабатым арманым,
Жан дүйнөмдү жалгыз сага арнадым.
Көрүп калсам караныңды алыстан,
Көзүм тойбой турпатыңа багынам.
Сүйүүң мелт-калт тилегиңден сүйгөндө,
Сүйүү оту аып өтөт канымдан.
[Кайырма]
Айжаным оо, Айжаным,
Жыпар жыттуу жалжалым
Жалындаган жаштыгымды арнадым
Жолум болуп жолукпагам өмүрдө,
Сенден сулуу, сендей сүйкүм периге
Айжаным өзүндү, түбөлүк сүйөмүн.
Бир гана сүйөм өзүңдү. Өсөр Козуев, Сага songtext, 0 Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store