Күттүм сени songtext

Орозгүл Токторбаева

0
0

Teilen:


Күттүм сени,
Күн баткандан таң сүрүлүп атканча,
Үкү келип,
Уйкусурап уясына жатканча.

Күттүм сени,
Жылдыз тарап,
Жалгыз чолпон калганча.
Жылкычылар үйүн көздөй
Эс алууга барганча.

Күттүм сени,
Шүүдүрүмдүн тамчылары акканча.
Жеңелерим чака кармап,
Сууну көздөй шашканча.
Күттүм сени,
Кайда жүрдүң?
Кимдин колун кармадың?
Эмне мынча жалдыратып,
Эмне мынча алдадың?

Күттүм сени,
Күттүм сени,
Сен да мени күтөрсүң.
Сүйгөндөрдүн кайыгына,
Калагы жок түшөрсүң.
Орозгүл Токторбаева, Күттүм сени songtext, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Liedtext sind hinzugefügt

03.07.2016