Махабатым сен songtext

Ома

2015

0
0

Teilen:


Көргүм келет сени күндө,
Көлөкөңө зар болуп.
Алтыным, түшөм жалынга,
Көлдөй толкуп.
Көңүлүмдө көкөлөймүн жар болуп,
Жаркыным, жүрсөң жанымда.


Кайырма:
Махабатым сен,
Бакыт кушум сен ыйык жандай.
Айлуу түндөр, ай,
Арбайт жарык шамдай.
Махабатым сен,
Көкөлөп чалкып учкандай.

Сагынычтан арылбадым,
Саамайыңа байланып.
Алтыным, жаным, эзилдим,
Канат болуп кагылайын.
Карегиңден айланып,
Жаркыным, арнап сезимди.

Кайырма:
Ак дилимден төгүлөйүн алдыңа,
Адамзатка асыл биздин санжыра.
Жадырап күн нурундай,
Жарашып эгиз талдай,
Боз үй тигип махабаттын айылына.

Смотреть клип Ома "Махабатым сен"






Ома, Махабатым сен songtext, 2015
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Liedtext sind hinzugefügt

15.02.2016