Songtext
Ай сулуу аткан таңдай,
Көңүл учту сага карай,
Карайм карегимди албай...
Тилегиңиз жанга дос бекен?
Жүрөгүңүз али бош бекен?
Кечиктимби мен ай, билемин кандай?
Баатыр жигит болчу Абай,
Сендейлерди көргөм далай.
Анча, ашыкпаңыз андай...
Жүрөк ээси болуу урмат го,
Аны ачуу сизге кымбат го,
Ачкычын да албай,
Ачасыз кандай?
[Кайырма]
Ачып алам, оңой жолу керек,
Ашык адам тапкыч болуу керек.
Максаттарын бийик коюу керек,
Эки жүрөк бирдей согуу керек.
Көзүңүздү жатка ыйгарбай,
Өзүңүздү бекер кыйнабай.
Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!
Кабагыңа конгон Күн-Ай,
Карегиңе толгон чырай,
Сени шүгүр берген Кудай.
Сезимиңди арнап келсең ай,
Эркелеген менин эркем ай.
Бакытты далай, көрөлү ары карай.
Эркелетип эчен курдай,
Кылыгыма жүрсөң чыдай,
Бактылуу боломун тынбай.
Сен болосуң менин шерим ай,
Мен болоюн сенин теңиң ай,
Сүйүүмдү арнай, жүрөйүн талбай.
[Кайырма]
Ары жагы биздин багыбыздан,
Арылалы жалгыз жагыбыздан.
Сагыналы ойлоп таңыбыздан,
Табылалы дайым жаныбыздан.
Көзүбүздү жатка ыйгарбай,
Өзүбүздү бекер кыйнабай,
Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!
Скачивайте наши приложения на плеймеркетах App Store и Казакша андер 2022 скачать (Google Play).
класс
супер молодцы
zynk
сонун екен
сонун
Мыкты ыр болуптур
жакшы болуптур,бирок бул озбектердикинен алынган ыр,бирок сонун чыкыптыр,класс
ото сонун
итей сонун экен
соонун ыркен супер
соонун туураганы окшогон
кандай сонун ып башка ырларды ырдабай ушул ырды ырдадым
сонун
Зынк ыр болуптур кайда журбогун ушул ырды угасынго чиркин!
БУЛ ЫР ЖАКШЫ ЧЫКАН МАГА ЖАГАТ БИРОК КЛИПТЕ ЭКИ УЧ КАТТА КЕТКЕН АНЫ ЭСЕПКЕ АЛБАГАНДА ЖАКШЫ
Бомба
эн сонун ыр,ийгилик
зынк ыр екен теке теке
ыр сонун экен нурлан байке жентелмен болуп калат экен
клаас
сонун ыр экен Нурлан байке жана Самара эже мен силерге ийгилик каалайм
Базар жок экен
Базар жок экен
сонун ыр