Мирбек Атабеков ft. Турдакун Ниязалиев Айтыңыз маарек болсун! (2016) songtext

Айтыңыз маарек болсун! songtext

Мирбек Атабеков ft. Турдакун Ниязалиев

2016

0
0

Teilen:


Жаратканга жакын экен,
Айт майрамы асыл экен.
Курман чалсаң кутуласың,
Балээлерден башың эсен.

Жаратканды унуткандын,
Жан дүйнөсү жакыр экен.
Кулдугу бар, сыймыгы бар,
Кыргыз эли баатыр экен.

[Кайырма:]
Айтыңыз маарек,
Айтыңыз маарек,
Куттуу болсун майрамыңыз!

Ала-Тоосу бийик болуп,
Көкүрөккө үмүт толуп.
Маарек болсун айтыңар деп,
Ак батасы тунук болуп.

Улуулары урмат кылса,
Кичүүлөрү сылык болуп.
Кылымдардан келе жатабыз,
Кыргыз деген улут болуп.

[Кайырма:]
Айтыңыз маарек,
Айтыңыз маарек,
Куттуу болсун майрамыңыз!






Kommentare

адыл

14 Juni 2016

класс

Бактяир

24 September 2017

класс

Admin

Korrigierte Text

09.06.2016
Nutzer
Musikvideos
Мирбек Атабеков ft. Турдакун Ниязалиев
Айтыңыз маарек болсун!