Гүлсүн Бостонкулова Кусалык (2016) songtext

Кусалык songtext

Гүлсүн Бостонкулова

2016

0
0

Teilen:


Өттү кундөр кубалашкан көпөлөк,
Жытын искеп өрөөн толгон гүлдөрдүн.
Өттү баары, ээлеп ордун кусалык,
Ал тарапта жалгыз калдың сен өзүң.

Өттү жаштык өз күчүнө ишенген,
Текеберлик издеп, жалан чындыкты.
Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Сүйүп кеттиң, кара тору бир кызды.
Ээрчип кеттиң, кара тору бир кызды.

Өрөөн алыс, гүлгө толгон жапжашыл,
Көпөлөктөр учпай калды кышында.
Чачта бурул топтогонбуз биз азыр,
Макул болуп, турмуш деген ушуга.
Макул болуп, тагдыр деген ушуга.

Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Сүйүп кеттиң, кара тору бир кызды.
Ээрчип кеттиң, кара тору бир кызды.






Admin

Liedtext sind hinzugefügt

26.05.2016


shinline.kz / Создание сайтов - https://ima.kz