Акмарал Жоробаева ft. Венера Назаралиева Сагынуу (2016) songtext

Teilen:


Ниетимди өзгөртүп өзүм үчүн,
Элесиңди туу кылып жүрөм бүтүн.
Окшоштукту мен сага таппай келем,
Канча айланып, кыдырып дүйнө жүзүн.

Куса болуп ой келет түркүн мага,
Күлмүңдөгөн көздөрүң сүйкүм мага.
Күйүттүү бир илдетке чалдыгыпмын,
Күлүп коюп сен менен бир түн гана.

Эх, билбепмин, мынчалык сүйөрүмдү,
Бир өзүңдү туу кылып жүрөгүмдө.
Алсыратып, ансайын мыжып келет,
Айлап, жылдап бир ооруу жүрөгүмдү.






GM

Liedtext sind hinzugefügt

28.02.2016
Musikvideos
Акмарал Жоробаева ft. Венера Назаралиева
Сагынуу