Teilen:


Songtext



Адашып сүйүп келгем,
Көңүлүм калды сенден.
Жүрөккө ыза берип,
Жүз буруп кеттиң менден.

Арзуулар алыс калды,
Сүйүүгө аалам тарбы?
Үмүткө кайрып алар,
Садагам, айла барбы?

[Кайырма]
Кайгы салып сен, жаным, сен,
Кайрылбадың аяп мени неге сен?
Үшкүрүнүп үмүт үзбөй күтөмүн, күтөмүн,
Эми менден кол үздүңбү сен, жаным, сен?

Билбедиң сүйүү баркын,
Кайрылар эми бактым.
Сумсайтып жүрөгүмдү,
Сүйүүмдү четке кактың.

Убкыт дары болор,
Күндөрүм кайра толор.
Колумдан учкан бактым,
Айланып кайра конор.

[Кайырма]




Скачивайте наши приложения на плеймеркетах App Store и Казакша андер 2022 скачать (Google Play).




Hinzugefügt

25.06.2016