Алтынбек Борошов Бузейне (0) Şarkı Sözleri

Бузейне Şarkı Sözleri

Алтынбек Борошов

0
0

Paylaş:


Ачылган гүлүм, азгырды жүзүң,
Сыздады жалгыз махабат.
Жүрөктөн сүйдүм, жалындап күйдүм,
Эх, качан сүйүүм муңканат?

Эх, маралдайым,
Ох, маралдайым,
Жүрөгүң качан жайылат?
Жүрөктөн чыккан кызыл гүлдөрүң,
Мен үчүн качан ачылат?

Бузейне, жаным,
Колуңду сунчу барайын.
Өмүрлөш болчу,
Апаңды сенин кайнене кылып алайын.
Бузейне, жаным,
Колуңа шакек тагайын.
Өмүрлөш болчу,
Атаңдын сенин кайната кылып алайын.

Табигат сага сулуулук мурун,
Ченебей тартуу кылганбы?
Жүзүңө, селки, карегим тойбой,
Жан дүйнөм муңдуу сыздады.
Тамаша айтып сөзүң туурасам,
Коёсуң, эркем, каш кагып.
Жүрөктө арзуу, сырым айта албай,
Кыялым учат кылгырып.









Yorumlar

bek

14 Kasım 2016

talant jalwy

bek

14 Kasım 2016

jakwyyy

Қонақ

27 Kasım 2016

эн сонун ыр

нусуп

18 Ocak 2017

сонун

Samagan

19 Mart 2017

Bazar jok

GM

Sözü ekledi

25.09.2016