Келген элең сен жарыкка бүгүн ыңаалап.
Көңүл сүйгөн сайран, достор менен майрам,
Ар жыл сайын, ай, уланат.
Кучак толо гүлдөр, жылмайышкан жүздөр,
Туулган күн шаңга бөлөнөт.
[Кайырма]
Бүгүн, бүгүн, бүгүн
Сенин туулган күнүң.
Амандыкты тилейли,
Ден соолукта жүргүн.
Ачылсын ар дайым
Жаштык өмүр гүлүң,
Бактың, сүйүүң.
Бүгүн, бүгүн, бүгүн
Сенин туулган күнүң.
Ата-эне бир тууганга,
Алтын башты ийгин.
Жашоонун кадырын
Узак жашап билгин,
Ойноп-күлгүн.
Жаркын маанай, дасторкон үстүн саймалап,
Жакындарың кымбат белек алып камданат.
Коноктор топтолуп, ыр-бийлер коштолуп,
Куттук сөздөр, ай, арналат.
Эч нерсе жетпеген, эсиңден кетпеген
Эх, кандай сонун салтанат, эй.
[Кайырма] Нурлан Насип, Нурлан Насип, Бүгүн сенин туулган күнүң, Бугун сенин туулган кунун текст песни, 0 Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store
Zuhriddin
boburmirbabaev@97