Туулган жер текст песни

Гүлзат Байзакова

0
0

Поделиться:


Жапжашыл жибекти жамынгандай,
Жайкалган төрүңдү сагындым, ай.
Жашоодо керемет кандай күч бар,
Жол күтүп мен сага камынгандай.

[Кайырма]
Сактадым унутпай элесиңди,
Салкын төр, кызгалдак, белесиңди.
Саймалуу тоолоруң көздөн учуп,
Сагындым, туулган жерим сени.

Жол алып учушкан каркыралар,
Жолдогон саламым айтып барар.
Жол бою ак көйнөк кийип алып,
Жолумду күткөндүр гүлкайырлар.

[Кайырма]

Жылдызың сагындым жыбырашкан,
Жымыңдап мага арнап ыр ырдашкан.
Жоодурап жолумду карашкандыр,
Жол четин ээлеген кызгалдактар.

[Кайырма]

Гүлзат Байзакова, Гулзат Байзакова, Туулган жер, Туулган жер текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Комментарии

Гулиза

11 Января 2018

Очень хорошо

GM

Добавил текст

04.07.2016